> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Адам "темирди" же "техниканы" жебейт – Акылбек Жапаров
- URL: https://im.kg/koom/2023/10/20/adam-tiemirdi-zhie-tiekhnikany-zhiebieit-akylbiek-zhaparov/
- Published: 2023-10-20T11:02:24.000Z
- Updated: 2023-10-20T11:02:23.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Коом, #Import 2025-07-22 12:57

**Канчалык жогорку технология өнүкпөсүн, айыл чарба өлкө экономикасынын приоритеттүү тармактарынын бири жана дүйнөдөгү эң керектүү жана маанилүү тармак. Адам "темирди" же "техниканы" жебейт. Бул тууралуу Кыргызстандын агроөнөр жай комплексинин кызматкерлеринин күнүнө арналган иш-чарада министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.**

Министрлер кабинетинин төрагасы ошондой эле өлкөнүн айыл чарба тармагын колдоо максатында акыркы эки жылда аны өнүктүрүүгө мамлекет тарабынан 43.1 млрд сом каралса, анын 28.1 млрд сому бөлүнгөнүн кошумчалады.

> “Ирригацияга – 2 млрд сом бөлүндү, элдин талааларына суу жетсин деп 2024-жылга өзүнчө статья менен дагы 1 млрд сом карап жатабыз. Үрөнгө – 1.5 млрд сом, жер семирткичтерге – 1 млрд сом, лизингге – 1 млрд жана күйүүчү майлоочу майларга убагында каражаттарды бөлүп кампаларга толтуруп жатабыз. Агроөнөр жай секторуна жеңилдетилген кредит катары 2 жылда 24 млрд сомдон ашуун каражат бөлүндү”, – деди Акылбек Жапаров.

Мындан тышкары, Министрлер кабинетинин төрагасы агро өнөр жай тармагын өнүктүрүүнүн бир катар артыкчылыктуу багыттарын белгиледи.

Ал айыл чарбасы “өндүрүмдүүлүктү жогорулатууга, айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин азайтууга жана азык-түлүк коопсуздугуна карай жылышы керек” деп кошумчалады.