Боомдо кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Боом капчыгайында таштарды кулатуу иштери жүрүп, жол маал-маалы менен жабылууда. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасы билдирди.

Маалыматка ылайык, таш кулатуу иштери 20-октябрдан 17-ноябрга чейинки аралыкты жүргүзүлмөкчү. Мындан улам жолдор саат 09:00дөн 15:00гө чейин КР ИИМ Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жабылат.

Ишкананын басма сөз кызматынан кошумчалашкандай, мындай иш-чаралар Бишкек-Нарын-Торугарт жол тилкесинде автомобиль жана темир жол транспортунун коопсуздугун камсыздоо максатында өткөрүлүүдө.