> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Шайлообек Атазов China Road компаниясын текшерүүнү талап кылды
- URL: https://im.kg/koom/2023/10/26/shailoobiek-atazov-china-road-kompaniiasyn-tiekshieruunu-talap-kyldy/
- Published: 2023-10-26T08:30:04.000Z
- Updated: 2023-10-26T08:30:03.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Коом, #Import 2025-07-22 12:57

**Кытайлык China Road “Түндүк - Түштүк” жолун курууда төлөгөн салыктын көлөмү тууралуу маселени ЖК жыйынында депутат Шайлообек Атазов көтөрүп чыкты.**

Анын айтымында, ишкана 1.1 млрд долларга курулуш иштерди жүргүздү.

> “Азыр ал жолдо жүргүнчүлөр барбы? 1.1 млрд долларга иштерди аткарса, жолдун сапаты текшерилдиби, канча салык төлөштү? Анан биз \[насыяга\] 1 млрд доллар алсак, ала кайра эле чыгарып кетеби”, - деп өкмөткө кайрылды депутат.

Атазов кытайлык ишкананын ишмердигин текшерүүнү талап кылды.