Шайлообек Атазов China Road компаниясын текшерүүнү талап кылды

Кытайлык China Road “Түндүк - Түштүк” жолун курууда төлөгөн салыктын көлөмү тууралуу маселени ЖК жыйынында депутат Шайлообек Атазов көтөрүп чыкты.

Анын айтымында, ишкана 1.1 млрд долларга курулуш иштерди жүргүздү.

“Азыр ал жолдо жүргүнчүлөр барбы? 1.1 млрд долларга иштерди аткарса, жолдун сапаты текшерилдиби, канча салык төлөштү? Анан биз [насыяга] 1 млрд доллар алсак, ала кайра эле чыгарып кетеби”, - деп өкмөткө кайрылды депутат.

Атазов кытайлык ишкананын ишмердигин текшерүүнү талап кылды.