Байтик баатыр көчөсүндө коомдук транспорт үчүн өзүнчө тилке киргизилди – Бишкектин мэриясы

Бишкектин Байтик Баатыр көчөсү боюнча Ахунбаев көчөсүнөн Бөкөнбаев көчөсүнө чейин коомдук транспортко бөлүнгөн тилкени киргизүү иштери аяктады. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Коомдук транспортко бөлүнгөн тилкени киргизүү боюнча иштер толугу менен аяктады, Ахунбаев көчөсүнөн Бөкөнбаев көчөсүнө чейинки Байтик Баатыр көчөсүнө тиешелүү белгилер жана жол белгилери түшүрүлүп, орнотулду.

Ошол эле учурда белгиленген тилке боюнча 7.00 дөн 21.00 гө чейин жүрүүгө тыюу салган убакытты тастыктаган белгилер да орнотулду.

Бишкек шаарынын жашоочуларына ыңгайлуу болушу үчүн жумуштар түнкүсүн гана жүргүзүлөт.