> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бала бакчанын ордуна турак жай салган курулуш компаниянын ээси кармалды
- URL: https://im.kg/koom/2023/10/27/bala-bakchanyn-orduna-turak-zhai-salghan-kurulush-kompaniianyn-eesi-karmaldy/
- Published: 2023-10-27T07:10:39.000Z
- Updated: 2023-10-27T07:10:39.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Коом, #Import 2025-07-22 12:57

**Бишкекте «О» ЖЧКсы бөлүнгөн жер тилкеге 280 орундуу бала бакчанын ордуна турак жайлар салынганы аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирди.**

Тергөөнүн маалыматына ылайык, «Бишкекбашкыархитектура» МИнин жана «Кадастр» МИнин жооптуу жана кызмат адамдары мыйзамсыз киреше алуу максатында «О» ЖЧКсынын жетекчилиги менен кылмыштуу топ түзүшкөн. 

> “Бул адамдар белгиленген максатты бузуу менен архитектуралык-пландоо шарттарын иштеп чыгышып, жана инженердик-техникалык шарттарды жер астындагы унаа токтоочу жайлары бар 12 кабаттуу турак жайдын курулушуна карап, техникалык паспорт берүү жана тиешелүү документтерди тариздөө жол-жоболорун жүргүзгөн.

> Белгиленген мыйзамсыз аракеттердин натыйжасында «О» ЖЧКсы мыйзамсыз түрдө 2 көп кабаттуу үйлөрдү куруп, аны сатып жиберишип, Бишкек шаарынын жакынкы райондорунун жашоочулары шаарда жетишсиз болгон бала бакчадан ажыратылган”, - деп белгиленет билдирүүдө.

Ошентип, мамлекетке 52 млн сом өлчөмүндө зыян келтирилген, ал ушул күнгө чейин «О» СК тарабынан төлөнбөй келген.

2023-жылдын 26-октябрында тергөө иштеринин жыйынтыгы боюнча, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 96-ст., «О» ЖЧКсынын ээси - Т.И.А. кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камалды.

Учурда бул кылмыштарга тиешеси бар башка кызмат адамдарын жана башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө жана ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.