Бишкекте көмүрдү сатып алуу даректери жарыяланды

Бишкектин мэриясы көмүрдү сатып алуу даректерин жарыялады.

Ленин районунун калкына көмүр сатуу төмөнкү көмүр базаларынан жүргүзүлөт:

• Мурманск көчөсү 126 дарегиндеги көмүр базасында "Кара-Кече" көмүрүнүн тоннасы 4.7 миң сом;

• "Кара-Тоо" ЖЧКсы, Мурманск көч. 45/2 (мурдагы. ОсОО Торг-Синтез)"Кара-Жыгач" көмүрүнүн тоннасы 6 миң сом;

• "Береке" ЖЧКсы, Мурманск көч. 122, 122а "Кара-Кече" тоннасы 5.5 миң – 6.5 миң сомдон жогору;

• " Беш Сары " ЖЧКсы, Мурманск көч. 1б дарегинде "Кара-Кече" көмүрүнүн тоннасы 5.5 миң сом;

• Дэн Сяопин пр.306 а дареги боюнча Коргоо министрлигинин көмүр базасында "Кара-Кече" көмүрүнүн тоннасы 4.7 миң сом;

• "Болотбеков"жеке ишкер, Дэн Сяопин пр. 308/4. "Кара-Кече" тоннасы 5.8 миң сом;

• "Мурманск көч., 1б" дарегиндеги Алтын корпорациясы "ЖЧКсында "Шабыркүл" көмүрүнүн тоннасы 6 миң сомдон сатылууда;

• Алыкулов көч. 6б дарегиндеги "Абиев Нурлан" жеке ишкер. "Кара-Кече" көмүрүнүн тоннасы 4.7 миң сом.

Биринчи май районунун аймагында:

• "Ак-Босого" конушу, Профессор Зима 156а, 1 кап көмүр 220 сом, бир тонна көмүр 6 миң сом, 30 тонна көмүр камдалды;

• Щербаков көчөсү 121, 1 мүшөк көмүр 200 сом, 200 мүшөк бар;

• Махатма Ганди жана Жапаров көчөлөрүнүн кесилишинде 1 кап көмүр 210 сом жана 1 тоннасы 6 миң сом, ошондой эле тандалган көмүрдүн тоннасы 7 миң сом, 60 тонна бар;

• "Алтын-Бешик" жаңы конушу Алтын-Бешик жана Мидин көчөлөрүнүн кесилишинде 1 кап көмүр 250 сом, тоннасы 6 миң сом, запаста 70 тонна;

• Дэн Сяопин көчөсү 531, бир кап көмүр 280 сом, кампада 10 тонна.

Ошону менен бирге кышка жакын 15-20 стационардык түйүн ачылат.

Октябрь районунун аймагында 1 көмүр базасы бар:

• "Глобал Азия Пропертиз" ЖЧКсы "Төкөлдөш" конушун "Аламүдүн" станциясында, Казакстандын Кара-Жыгач көмүрүнүн 1 тоннасынын баасы 6.2 миң сомду түзөт.

Свердлов районунун аймагында Достоевский көчөсү 1 дарегинде 1 отун базасы бар.