УКМК: Кадамжайда 1.6 млрд сомдук жерлерге мыйзамсыз жеке турак жайлар курулган

Кадамжай районунун Кыргыз-Кыштак айыл аймагында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында аталган айыл аймактын айрым кызмат адамдарынын Д.Д.М., КА.С. жана T.A.C. мыйзамсыз иш-аракеттери аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматка ылайык, алар 2016-2023-жылдар аралыгында 61.37 га жер тилкесин жеке турак жай куруу үчүн бөлүп берүү боюнча мыйзамсыз чечимдерди чыгарган.

Мындан тышкары, жер тилкесин мыйзамсыз берүү боюнча башка фактыларды жашырууну көздөп, аталган адамдар жеке баюу максатында Кадамжай райондук жер мунапыс комиссиясы менен алдын ала сүйлөшүп, 600.53 гектар жерди мыйзамдаштыруу боюнча арыз беришкен, бирок иш жүзүндө 624 га жер экени аныкталды, анын ичинен 61.37 га мыйзамсыз токтом чыгаруу менен берилген, 6 га Д.Д.М. тарабынан 12 жакын байланыш адамдарына белек катары берилген, ал эми 556.63 гектар жер мунапыс боюнча комиссиясы менен макулдашып, жергиликтүү тургундар тарабынан басып алынган деп киргизилип, үй ээлеринин бар экендиги тууралуу маалыматтар жасалма көбөйтүлүп берилген.

Ошол эле учурда, көз карандысыз эксперттин корутундусуна ылайык, мыйзамсыз берилген 624 гектар жердин баасы 1 млрд 63 млн сомго бааланса, анын ичинен мыйзамсыз чечимдин негизинде берилген 61,37 гектар жердин баасы 103 млн 743 миң 145 сомду түзөт.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында баасы 1 миллиард 63 миллион сом болгон 624 гектар жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды жана Баткен облусунун Кадамжай районунун Кыргыз-Кыштак а/а кызмат адамдарынын жеке кызыкчылыгын көздөгөн кадамдарына бөгөт коюлду.

Учурда бул мыйзамсыз аракеттерге тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүрүп жатат.

КР УКМК тарабынан трансформацияланбаган жерлерди жеке турак жай куруу үчүн мыйзамсыз берүү фактылары боюнча, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши тергелүүдө.