Токмоктун жылуулук менен жабдуу ишканасы кыш мезгилине даяр – Энергетика министрлиги

«Кыргызжылуулукэнерго» мамлекеттик ишканасынын "Токмоктогу жылуулук менен жабдуу ишканасы" филиалы 2023-2024-ж. жылытуу мезгилине даяр. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.

Токмок ишканасында 6 жылытуу отканаларын тейлейт, алардын ичинен 4ү жаратылыш газы жана 2 откана катуу көмүр отуну менен иштейт.

Жылуулук алган жалпы абоненттердин саны – 10 134 түзөт. Отказандардын жабдыктарынын өчүрүүчү клапандары, соргучтары, электр жабдуулары оңдоп-тузөөдөн өткөрүлдү. Сууну жана электр энергиясын эсептөөчү приборлор Мамлекеттик текшерүүлөрдөн өтүп толук кандуу иштегенге даярдалды.

Жылуулук тармактарынын участокторундагы оңдоо бригадалары тарабынан жылуулук кудуктарындагы авариалык түтүктөр алмаштырылып, бөлүштүрүүчү тармактарга суу толтурулуп, тыгыздыгы боюнча гидросыноолор өткөрүлдү.

Турак үйлөрдүн үй ичиндеги жылуулук түтүктөрдүн системалары боюнча текшерүү жүргүзүлдү жана зарылдыгына жараша түйүндөрдө жана турак үйлөрдүн жертөлөлөрүндө тетиктер оңдолуп, алмаштыруу жүргүзүлдү, 63 турак үйдө 897.4 м түтүктөр алмаштырылып, аларга 348 клапан орнотулуп, план боюнча иштер кылынды.

Ошондой эле, капиталдык оңдоонун алкагында № 2 отканада ДЕ25/14 маркасындагы отказанына капиталдык оңдоо жүргүзүлгөн. Күйүүчү май план боюнча 855 тонна катуу көмүр отунга деп арыз ( заявка) берилген, учурда 836,6 тонна сатып алынды. Өткөн сезондогу отундун калдыгын эске алганда, учурда күйүүчү майдын саны 857т 990кг ды түзөт.