Баш калаанын эки конушунда суу бир күнгө өчүрүлөт

2023-жылдын 31-октябрында Бишкектин эки конушунда суу бир күнгө өчүрүлөт. Бул туралуу мэрия билдирди.

Такталгандай, өчүрүү аймагы:

·         «Мурас Ордо» конушу  саат 9:00дөн 20:00гө чейин;

·         «Калыс Ордо» конушу  саат 9:00дөн 15:00гө чейин.

«Мурас Ордо», «Калыс Ордо» суу алгычтардагы жана шаардык суу түтүктөрүндөгү  оңдоо иштерине байланыштуу суу убактылуу токтотулат:

«Бишкексууканал» өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.