Депутаттар Санкт-Петербургдагы мигранттар менен жолугушту

2023-жылдын 27-октябрында Санкт-Петербургда Жогорку Кеңештин депутаттарынын кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу парламент билдирди.

Жолугушууга депутаттар Талайбек Масабиров менен Аида Исатбек кызы , КМШ ПАА Кеңешинин башкы катчысынын орун басары Нурбек Сатвалдиев, Санкт-Петербург шаарындагы жана Ленинград облусундагы кыргыз диаспорасынын президенти Кочкорбай Кутунаев катышты. 

Жыйындын катышуучулары мындан аркы кызматташуу маселелерин талкуулашты. Депутаттарга КМШ аймагындагы миграциялык саясат тармагындагы мыйзамдык базаны өркүндөтүү боюнча кыргыз диаспорасынын сунуштары айтылды. Мындан тышкары, жыйындын жүрүшүндө өткөн КР Элдик курултайына делегаттарды шайлоо боюнча талкуу жүрдү.