Кытайлык Rizhao Xingxian Trading Бишкекке 120 экотакси алып келүүгө даяр

Бишкек шаарын өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу агенттигинде Evion компаниясынын жана кытай Rizhao Xingxian Trading Co., Ltd компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өттү. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы биллдирди.

Кызматташтыкты кеңейтүү жана шаардыктардын керектөөлөрүн канааттандыруу максатында үстүбүздөгү жылдын аягына чейин мындан ары көбөйтүү менен 120 заманбап жана экологиялык таза электромобилдерди киргизүү пландаштырылууда.

Анын натыйжасында бул Бишкек шаарынын тургундарынын көпчүлүгү үчүн экологиялык жактан таза транспорт каражаттарынын жеткиликтүүлүгүн кепилдикке алууга мүмкүндүк берет.