Осакадагы TOURISM EXPO JAPAN көргөзмөсүндө Кыргызстандын туристтик потенциалы тартууланды

27-октябрда Осакада Кыргызстандын туристтик дарамети жапон тилинде көрсөтүлдү. Бул тууралуу Туризм департаменти билдирди.

Такталгандай, Осакада өткөн TOURISM EXPO JAPAN көргөзмөсүндө JICA агенттигинин колдоосу менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн презентациялары өттү.

КАТОнун аткаруучу директору Нурбек Сапаров жапон тилинде Кыргызстандын туристтик ресурстары тууралуу кеңири баяндама жасап, жапон тарап үчүн потенциалдуу кызыктуу болгон жерлерге токтолду.

Презентациянын аягында В2В форматында баарлашуу башталды, анда КР делегациясынын бардык мүчөлөрүнө – туроператорлорго, Туризм департаментинин жана Туризм фондунун өкүлдөрүнө суроолорду берүүгө мүмкүн болду.