Ошто 15 кабаттуу ипотекалык үйдүн курулушу башталды – батирлердин баалары

Ошто 15 кабаттуу ипотекалык  үйдүн курулушу башталды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Такталгандай, Набережная көчөсүнүн №3, Т.Турсунбаева көчөсүнүн №28 дарегинде 15 кабаттуу турак үйдүн курулушу башталды. Болжолдуу дареги “Азия” гипермаркети (эски “Фрунзе”).

2,3- кабатынан баштап 1,2,3 бөлмөлүү батирлер 1 м2 баасы  56 366 сомдон сатылууда:

·         1 бөлмөлүү батирлердин саны – 148;

·         2 бөлмөлүү батирлердин саны – 192;

·         3 бөлмөлүү батирлердин саны – 68.

Батирлер ички жасалгасы менен даяр берилет. Турак үйдүн курулушу 3 жылда аяктайт. Төлөө графиги кардарларга болуп даярдалат.

Сурап билүү үчүн: Ош шаарынын Ленин көчөсүнүн №318 дареги 3 кабат 302-кабинетке кайрылсаңыздар болот. Тел.:0557 50-89-39; 0556 88-96-98 0(3222) 7-01-27.