Ошто көмүр баасына көзөмөл жүргүзүлдү

2023-жылдын 30-октябрында Ош шаарынын Амир-Темур муниципалдык аймактык башкармалыгынын аймагындагы көмүр сатуучулар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Монополияга каршы жонгө салуу кызматы билдирди.

Түшүндүрүү иштеринин жүрүшүндө көмүрдүн максималдуу деңгээли электен өткөнү 1кг 7 сомдон, эленбеген түрү 1 тоннасы 6.5 миң сомдон белгиленгени жөнүндө маалыматтар берилди. Көмүр саткан жайларда баалар жөнүндө маалыматтар илинди.

Жогорудагыдай иш-чаралар шаардын бардык аймактарында белгиленген графикке ылайык жүргүзүлүп турмакчы.