Жумушсуздуктун эң жогорку деңгээли Баткен жана Жалал-Абадда сакталууда

2023-жылдын тогуз айында расмий жумушсуздардын жалпы саны өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 6.2% га кыскарган. Бул тууралуу Эмгек министрлиги билдирди.

Жалпы жумушсуздуктун деңгээли 0.4% га төмөндөгөн. Жумушсуздуктун эң төмөнкү деңгээли Бишкек шаарында жана Чүй облусунда, эң жогорку деңгээли – Баткен жана Жалал-Абад облустарында сакталууда.

Жыл башынан бери ишке орноштуруу кызматтарына 119.6 миң адам кайрылып, дээрлик 70% Эмгек жана иш менен камсыз кылуу мыйзамдары, кесип тандоо боюнча кесиптик жана кайра окутуу мүмкүнчүлүктөрү боюнча кеңештерди алышкан.