> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ашууларда жол ачык, унаа кыймылына чектөө жок – Транспорт министрлиги
- URL: https://im.kg/koom/2023/10/31/ashuularda-zhol-achyk-unaa-kyimylyna-chiektoo-zhok-transport-ministrlighi/
- Published: 2023-10-31T06:30:44.000Z
- Updated: 2023-10-31T06:30:43.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Коом, #Import 2025-07-22 12:57

**Бүгүн, 31-октябрга карата өлкөнүн ашуулары менен жолдорунда унаа кыймылына чектөө жок, жол ачык. Жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери өздөрүнө бөлүнгөн аймакты толук көзөмөлдөп жатышат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.**

Такталгандай, Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунун Чыйырчык ашуусунда, Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировканын Чапчыма ашуусунда, Каракол-Эңилчек жолунун Чоң-Ашуу жана Барскоон-Ак-Шыйрак жолунун Сөөк ашуусунда, Боом капчыгайында, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун Долон, Чар, Ак-Бейит, Түз-Бел, Кубакы ашуулары менен Өтмөк жана Ала-Белде жол ачык, каттам бар. Ал эми Төө-Ашууда кар жаап, жолчулар тарабынан инерттик материалдар чачылууда, жол ачык.

Буга чейин Кыргызгидромет борбору 31-октябрь жана 1-2-ноябрь күндөрү аба ырайы кескин өзгөрүп, көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаай турганын кабарлап, шашылыш билдирүү тараткан.