Баткенде арзан көмүр саткан кампалар ачылды – даректер

Баткен облусунда 6 көмүр кампасы ачылды. Бул тууралуу облкстагы президенттин өкүлчүлүгү билдирди.

Бул кампаларда БР маркасындагы көмүрдүн тоннасы 5 миң сомдон сатылууда.

Көмүр кампалардын даректери:

• Лейлек районунун Кулунду айыл аймагы, ЦРМдин аймагы;

• Раззаков шаары, Тазалык ишканасынын аймагы;

• Баткен шаары Самат Сыдыков көчөсү, болжол менен Баткен ТВнын арт жагы;

• Кадамжай району, МАИ кызматынын айып короосунун алды;

• Ак-Татыр айыл өкмөтү, Рават айылы, Колтук көчөсү, үй номери 25;

• Кызыл-Кыя шаары, Жусубалиева 137.