Баткенде Сүлүктү көмүрүнүн 1 тоннасы 9 миң сомдон сатылууда

Баткенде көмүр сатылуучу жайларда мониторинг жүргүзүлдү. Бул тууралуу Монополияга каршы көзөмөл кызматы билдирди.

Мониторинг учурунда Баткен облустук бөлүмүнүн 2023-жылдын 25-октябрындагы №12 буйругуна ылайык, Баткен облусунун аймагында калкка сатылуучу көмүрдүн чекене бааларынын максималдуу денгээли 90 календарлык күндүк мөөнөткө белгиленгендигин тааныштыруу максатында сатуучулар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Баткен районунда Сүлүктү көмүрү тангакталганы 1кг 9.5 сомдон жана 1 тоннасы 9 миң сомдон, ал эми жергиликтүү көмүрдүн 1 тоннасы 7 миң сомдон белгиленгендиги жөнүндө маалыматтар айтылып, ишкерлерге кышкы жылуулук берүү мезгилинде көмүрдүн жөнгө салынган баасында туруктуу кармоо жана негизсиз көтөрүлүшүнө жол бербөө керектиги түшүндүрүлдү.