Жалал-Абадда 110 кВ эки чынжырлуу аба чубалгысы курулууда

Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын курулуш монтаждоо бөлүмүнүн түзгөн келишиминин негизинде аба чубалгыны тейлөө боюнча жогорку чыңалуу  кызматы "Камбар-Ата 1" ГЭСинин курулушуна көмөк көрсөтүүдө. Бул тууралуу Энергетика министрлиги эскертти.

Такталгандай, кызматкерлер энергиясы менен камсыздоо максатында "Камбар- Ата" көмөк чордонунан "Камбар –Ата 1" ГЭСине чейин 110 кВ  эки чынжырлуу аба чубалгысын курууда.

Жогорку чыңалуудагы аба чубалгысын тейлөө кызматында 55 кызматкер эмгектенет. Алар 500-220-110-35 кВ аба чубалгыларын тейлейт.