Аламүдүн менен Ысык-Атада нан баалары текшерилди

Чүй облусунун бөлүмүнүн кызматкерлери 2023-жылдын 31-октябрь күнү Аламүдүн районунун Лебединовка жана Ысык-Ата районунун Новопокровка айылдарында мониторинг жүргүздү.

Мониторингдин жүрүшүндө нан (бөлкө нан) жана нан азыктарын (тандыр нан) өндүрүүчүлөр (нан бышыруучулар) жана сатуучулар арасында биринчи сорттогу буудай унунан жасалган нанына (бөлкө нан) жана нан азыктарына (тандыр нан) баалардын максималдуу деңгээлин белгилөө жөнүндө» буйруктун аткарылышы боюнча жана белгиленген баадан ашык саткан ишкерлерге оозеки эскертүүлөр берилди.

Мониторинг учурунда нандын (бөлкө нан) бааларында белгиленген баадан ашык саткан учурлар жокко эсе, ал эми нан азыктары (тандыр нан) 260-280 граммдык тандыр наны 30 сомдон, 300-310 граммдык тандыр нандары 33 сомдон же болбосо белгиленген баадан 2 сомго чейин кымбат сатылып жаткандыгы аныкталды. Жыйынтыгы менен нан азыктарын (тандыр нан) чыгаруучу ишкерлерге бааны арзандатуу жана бааларды көрүнүктүү жерге жайгаштыруу боюнча 5 (беш) эскертүүлөр берилди жана туура түшүнүү менен нан азыктарынын бааларын арзандатууну билдиришти.

Ошондой эле нан азыктарын (тандыр нан) чыгаруучу 1 (бир) ишкерге Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар Кодексинин 290-беренесинин негизинде 3000 сом айып пул салынды.

Чүй облустук бөлүмүнүн кызматкерлери жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана райондук мамлекеттик администрациялардын кызматкерлери менен кайрадан берилген эскертүүлөрдүн аткарылышы боюнча мониторинг жүргүзүүнү улантат.