Ош базарында стоматологиялык, гинекологиялык кабинеттер жабылды – депутаттык текшерүүнүн жыйынтыгы

Жогорку Кеңештин депутаттары Аида Исатбек кызы жана Чингиз Айдарбеков саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен биргеликте Ош базарындагы кээ бир дары-дармек каражаттарын сатуу түйүндөрүн, стоматологиялык, гинекологиялык кабинеттерди жана сулуулук салондорун тандоо иретинде текшерип чыгышты. Бул тууралуу парламент билдирди.

Кыдырууда Ош базарында контрафактылык дары-дармектер сатылып, алар көптөгөн психотроптук заттарды камтыган күчтүү дарылар экендиги аныкталды. Анткени, психотроптук заттарды, дары-дармектерди дарыгерлердин рецеби жок сатып алууга жана пайдаланууга тыю салынган.

Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү өспүрүмдөр дарынын таасири астында баңги затын колдонуп көрүүгө макул экенин, анткени балдарда психоактивдүү заттарга карата терс мамиле калыптанбаганын белгилешти.

Стоматологиялык жана гинекологиялык кабинеттерде санитардык-эпидемиологиялык ченемдер сакталбайт, медициналык препараттар стерилденбеген шарттарда сакталат, хирургиялык аспаптар жана операциялар үчүн жабдуулар стерилизациядан өтпөйт жана нускамага ылайык иштетилбейт. Натыйжада, бул кеңселерде тейленген бейтаптар ден соолугуна коркунуч туудурган олуттуу кыйынчылыктарга, ар кандай ооруларга, ткандардын деградациялык өзгөрүүлөрүнө жана нерв ооруларына туш болушат.

Буга байланыштуу саламаттык сактоо министрлигинин жетекчилиги тарабынан Ош базарындагы стоматология жана гинекологиялык кабинеттердин жабылышы тууралуу чечим кабыл алынды.