Ошто көмүрдүн бирдиктүү баасы бекитилди

31-октябрда Ош шаарында сатылып жаткан көмүрдүн баасына мониторинг жүргүзүлдү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Такталгандай, 25-октябрдан тарта ата мекендик көмүрдүн бирдиктүү баасы (90 календардык күнгө) белгиленген. Ага ылыйык, кара отундун баасы тоннасына 6 500 сомдон, чекене баасы 1 килограммга 7 сомдон ашпоо керек.

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан мыйзам бузуулар аныкталган учурда, колдонуудагы мыйзамдардын алкагында тиешелүү чаралар көрүлөт. Ошол эле учурда түшүндүрүү иштери менен көмүрдүн баасына мониторинг жүргүзүү, белгиленген бааларды колдонуу боюнча көзөмөл улантылат.

Азыркы тапта Ош шаарында көмүргө болгон баа туруктуу.