Ошто үч мамлекеттик дарыкана ачылды

Ош шаарындагы №8 үй-бүлөлүк медицина борборунда мамлекеттик дарыкананын ачылышы болду. Дарыканага “Эл аман” деп ат коюлду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Дарыканада 800дөн ашык аталыштагы дары-дармектертин түрү бар. Шаар тургундары дарыларды жеке дарыканаларга караганда 10-15% арзан сатып ала алат.

Мамлекеттик дарыканаларды ачуунун негизги максаты - калкты жеткиликтүү дары-дармек менен камсыз кылуу жана баа саясатын туруктуу кармоо болуп саналат.

Министр Алымкадыр Бейшеналиев учурда Кыргызстанда дары-дармектин 700 түрү чыгарын, өлкө боюнча 34 завод иштеп жатканын маалымдады.