Оштун мэриясы тогуз айдын жыйынтыгын чыгарды

2023-жылдын 31-октябрында Ош шаарынын мэриясынын кезектеги коллегиялык жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу муниципалитет билдирди.

Коллегиянын күн тартибинде 6 маселе каралды:

·         Оштун 2023-жылдын тогуз айындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана 2023-жылдын IV кварталына карата милдеттер жөнүндө;

·         өкмөттүн 2019-2030-жылдарга калктын ден-соолугун, саламаттыгын сактоо системасын өнүктүрүү боюнча “Ден соолугу чың адам – өнүккөн өлкө” программасынын аткарылышы жөнүндө;

·         Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын жүргүзүп жаткан ишмердүүлүгү жана Геопортал электрондук маалыматтык системасынын долбоорунун аткарылышы жөнүндө;

·         Ош шаарынын эконмика тармактарын жана калкын 2023-2024-жылдагы күзгү-кышкы мезгилине даярдыктарды көрүүнүн жыйынтыгы жөнүндө;

·         “Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты” муниципалдык ишканасынын ишмердүүлүгү жөнүндө;

·         2023-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен Ош шаарындагы мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу органдарында, кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдардын сакталышынын абалы жөнүндө.

Жыйынтыгында каралган маселелер боюнча токтом долбоорлору кабыл алынып, белгиленген мөөнөттө аткаруу боюнча тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери милдеттендирилди.