> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкектин эки суу сактагычтарында оңдоо иштерин жүргүзүлөт - «Ак Босого» конушунда суу токтотулат
- URL: https://im.kg/koom/2023/11/02/bishkiektin-eki-suu-saktaghychtarynda-ondoo-ishtierin-zhurghuzulot-ak-bosogho-konushunda-suu-toktotulat/
- Published: 2023-11-02T04:22:53.000Z
- Updated: 2023-11-02T04:22:53.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Коом, #Import 2025-07-22 12:57

**Бүгүн Бишкектин «Ак Босого» конушуна ичүүчү суу берүү саат 10:00дөн 17:00гө чейин токтотулат. Бул тууралуу мэрия билдирди.**

Турак үйлөр, мектептер, мектепке чейинки балдар мекемелери, саламаттык сактоо объекттери жана башка социалдык-тиричилик багытындагы жана өнөр жай объекттери убактылуу ичүүчү суусуз калат.

«Ак Босого-1», «Ак Босого-2» суу сактагычтарында жана шаардык суу түтүктөрүндө оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу суу убактылуу токтотулат.

«Бишкексууканал» өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышын суранат.