Бишкектин эки суу сактагычтарында оңдоо иштерин жүргүзүлөт - «Ак Босого» конушунда суу токтотулат

Бүгүн Бишкектин «Ак Босого» конушуна ичүүчү суу берүү саат 10:00дөн 17:00гө чейин токтотулат. Бул тууралуу мэрия билдирди.

Турак үйлөр, мектептер, мектепке чейинки балдар мекемелери, саламаттык сактоо объекттери жана башка социалдык-тиричилик багытындагы жана өнөр жай объекттери убактылуу ичүүчү суусуз калат.

«Ак Босого-1», «Ак Босого-2» суу сактагычтарында жана шаардык суу түтүктөрүндө оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу суу убактылуу токтотулат.

«Бишкексууканал» өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышын суранат.