Ош шаарында «Салык чек» лотереясынын жеңүүчүлөрү сыйланды

Cалык кызматы Ош шаары боюнча башкармалыгында “Чек талап кылып, байге утуп ал!” акциясынын алкагында «Салык чек» лотереясынын биринчи этабынын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар тапшырылды. Бул тууралуу мэрия билдирди.

Жалпы Ош шаарынан жана жакынкы райондордон 85 адам биринчи этаптын жыйынтыгы менен жеңүүчү болушкан.

Белгилей кетсек, калкка накталай төлөмдөрдү жүргүзүүдө контролдук-кассалык аппараттарды колдонууну жогорулатуу максатында өткөрүлгөн лотереянын биринчи этабына Ош шаарынын жана Ош шаарынан жана жакынкы райондордон 9 526 тургуну катышып, анын ичинен 85 жеңүүчү деп табылган.