Кыргызстанда жумушсуздардын саны 7/7% кыскарды – эмгек министри

Кыргызстанда эки жыл ичинде жумушсуздардын саны 7.7% кыскарды. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова “Жакырчылык жана теңсиздик” аттуу улуттук өнүктүрүү форумунда билдирди.

Анын айтымында, “Социалдык контракт” программасынын алкагында дээрлик 13 миң аз камсыз болгон үй-бүлөлөр жеке бизнесин ачып, бүгүнкү күндө туруктуу киреше менен гана чектелбестен, өздөрү да жумуш орундарын түзүшүүдө. Бул 70 миңден ашык адамдын турмушун жакшыртты

"Акыркы эки жылда республикада жумушсуздардын саны 7.7%га, ал эми расмий жумушсуздук 0.3%га кыскарды. Ошону менен бирге калкты ишке орноштуруу жана кесипке багыт берүү жаатында аткарылган иштердин натыйжасында калкты иш менен камсыз кылуу көрсөткүчтөрү жакшырды. Эки жылдын ичинде иш менен камсыз кылуу кызматтары 60 миңден ашык адамды жумуш менен камсыз кылды”, - дейт Гүлнара Баатырова.