Таласта 450 орундуу мектеп ачылды – Мамкурулуш

Талас облусунун Талас районуна караштуу Арал айыл өкмөтүнүн Арал айылындагы К.Нанаев атындагы 450 орундуу мектептин курулушу аяктады. Бул тууралуу Мамкурулуштун жетекчиси Мырзабек Жыпаркулов билдирди.

Анын айтымында, курулуш республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлгөн. Анын жалпы аянты 3396,52 м2ты түзүп, 2 кабаттуу имараттан турат. Долбоордук кубаттуулугу 450 орунга ылайыкталды. Негизги класстык кабинеттерден сырткары тил кабинеттери, өнөр кааналары, химия жана биология класстары бар.

Окуучулар үчүн курулган спорт залдын аянты 308,830м2 ты чапчыйт. Бүгүнкү күндө имараттагы бардык курулуш-мантаждоо иштери план боюнча аяктады.