Акылбек Жапаров бюджеттин эсебинен сатылып алынган медициналык жабдуулар менен таанышты

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров шаардык бир катар медициналык мекемелердин иши менен таанышты. Бул тууралуу минкаб билдирди.

Акылбек Жапаров Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталдын Урология илимий борборуна барып, жакында сатылып алынган медициналык жабдууларды көрүп чыкты.

Эске салсак, Саламаттыкты сактоо министрлигине урологиялык борбордун муктаждыктары үчүн 24 даана медициналык жабдууларды сатып алуу үчүн 80 млн сом бөлүнгөн.

Андан соң Акылбек Жапаров Улуттук госпиталдын магниттик-резонанстык томография аппаратынын иши менен таанышты.

Жапаровго аппараттын кубаттуулугу суткасына дартына жараша орточо 10—15 адамды түзө тургандыгы айтылды.

Наркы 1,145 млн АКШ доллары турган МРТ аппаратурасы Дүйнөлүк банктын грантынын алкагында берилген.