Бишкектин мэри «Тазалыктын» иши менен таанышты

Бишкектин мэри Айбек Джунушалиев «Тазалык» муниципалдык ишканасынын техникаларынын кышка карата даярдык иштери менен таанышты. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Мэр ишкананын ишмердүүлүгү менен таанышып, базалардын биринде техника, ошондой эле туз жана башка инерттүү материалдар сакталаган кампаларды көрүп чыкты.

Чыгуу жыйынтыгы боюнча Айбек Джунушалиев кыш мезгилин штаттык режимде өткөрүү үчүн 2023-жылдын 15-ноябрына чейин бардык атайын техникаларды даярдоо тапшырмасын берди.