> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ошто көмүрдү арзан баада сатуучу жайлар уюштурулду – даректери
- URL: https://im.kg/koom/2023/11/08/oshto-komurdu-arzan-baada-satuuchu-zhailar-uiushturuldu-dariektieri/
- Published: 2023-11-08T07:00:01.000Z
- Updated: 2023-11-08T07:00:01.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Коом, #Import 2025-07-22 12:57

**Оштун мэриясы, «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы менен биргеликте көмүрдү арзан баада сатуучу жайларды уюштурду. Бул тууралуу мэрия билдирди.**

Көмүрдүн баасы 1 килограммга 5 сомду түздү.

Арзан баада көмүр төмөнкү даректер боюнча сатылууда:

· "Амир-Тимур" муниципалдык аймактык башкармалыгы С.Айни №80 көчөсү;

· «Туран» муниципалдык аймактык башкармалыгынын мамлекеттик кызмат көрсөтүү бюросу (Дачи кичи району);

· "Жапалак" айылдык аймактык башкармалыгынын Татар айылындагы Т.Уларов №13 көчөсү.