Ошто көмүрдү арзан баада сатуучу жайлар уюштурулду – даректери

Оштун мэриясы, «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы менен биргеликте көмүрдү арзан баада сатуучу жайларды уюштурду. Бул тууралуу мэрия билдирди.

Көмүрдүн баасы 1 килограммга 5 сомду түздү.

Арзан баада көмүр төмөнкү даректер боюнча сатылууда:

·         "Амир-Тимур" муниципалдык аймактык башкармалыгы С.Айни №80 көчөсү;

·         «Туран» муниципалдык аймактык башкармалыгынын мамлекеттик кызмат көрсөтүү бюросу (Дачи кичи району);

·         "Жапалак" айылдык аймактык башкармалыгынын Татар айылындагы Т.Уларов №13 көчөсү.