> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Депутат Замирбек Мамасадыков Аксы, Ноокен райондорундагы курулуштар менен таанышты
- URL: https://im.kg/koom/2023/11/09/dieputat-zamirbiek-mamasadykov-aksy-nookien-raiondorundaghy-kurulushtar-mienien-taanyshty/
- Published: 2023-11-09T07:01:36.000Z
- Updated: 2023-11-09T07:01:36.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Коом, #Import 2025-07-22 12:57

**Жогорку Кеңештин депутаты Замирбек Мамасадыков Аксы, Ноокен райондорундагы жана Шамалды-Сай шаарчасындагы бир нече социалдык объекттердин курулуштары менен жеринде таанышты. Бул тууралуу парламент билдирди.**

Депутаттын иш сапарындагы алгачкы кыдыруу Жар-Башы айылындагы №32 Кожобеков атындагы 375 орундуу жаңы мектептин курулушунда болду. Андан ары ал 111-кесиптик лицейиндеги капиталдык оңдоо иштери менен таанышты. 

Шамалды-Сай шаарчасындагы “Айгүл” балдар бакчасын капиталдык ремонттоо иштеринин жүрүүсүн көрдү. Ошону менен катар Шамалды-Сай шаарчасынын ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн курулушу жана борбордук стадионду капиталдык ремонттоо иштери да бар. 

Мындан сырткары Таш-Көмүр шаарына караштуу Кызыл-Алма айылына курулуп жаткан кичи футбол аянтчасы, Достук айылындагы №21 Фуркат атындагы орто 225 орундуу мектептин курулушу менен таанышып чыкты. 

Соңунда Кокондук айылында спорт залдагы курулуштун жүрүшүн көздөн кечирди.