Депутат Замирбек Мамасадыков Аксы, Ноокен райондорундагы курулуштар менен таанышты

Жогорку Кеңештин депутаты Замирбек Мамасадыков Аксы, Ноокен райондорундагы жана Шамалды-Сай шаарчасындагы бир нече социалдык объекттердин курулуштары менен жеринде таанышты. Бул тууралуу парламент билдирди.

Депутаттын иш сапарындагы алгачкы кыдыруу Жар-Башы айылындагы №32 Кожобеков атындагы 375 орундуу жаңы мектептин курулушунда болду. Андан ары ал 111-кесиптик лицейиндеги капиталдык оңдоо иштери менен таанышты.

Шамалды-Сай шаарчасындагы “Айгүл” балдар бакчасын капиталдык ремонттоо иштеринин жүрүүсүн көрдү. Ошону менен катар Шамалды-Сай шаарчасынын ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн курулушу жана борбордук стадионду капиталдык ремонттоо иштери да бар.

Мындан сырткары Таш-Көмүр шаарына караштуу Кызыл-Алма айылына курулуп жаткан кичи футбол аянтчасы, Достук айылындагы №21 Фуркат атындагы орто 225 орундуу мектептин курулушу менен таанышып чыкты.

Соңунда Кокондук айылында спорт залдагы курулуштун жүрүшүн көздөн кечирди.