Мамтрезерв 22.5 миң тонна буудайга толтурулду

2023-жылдын 13-ноябрына карата республика боюнча илешкектиги (клейковинасы) 23% кем эмес 22.5 тонна аштык буудайын сатып алды жана сатып алуу иштери уланууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Такталгандай, сатып алынган буудай Мамлекеттик материалдык резервдер фондуна жиберилген.