Ноокат районунда көмүр бааларына мониторинг жүргүзүлдү

2023-жылдын 11-ноябрь Ноокат районунун аймагында бааларына мониторинг жүргүзүлдү. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы билдирди.

Такталгандай, көмүр сатуучуларга көмүрдүн чекене бааларынын максималдуу деңгээли белгиленгендиги жөнүндөгү буйрук менен тааныштырып, буйруктун аткарылышы жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүлдү.

Ноокат районунун аймагында көмүрдүн максималдуу деңгээли электен өткөнү 1кг 7.4 сомдон, эленбеген түрү 1 тоннасы 6 500 сомдон белгиленген.

Сатуучуларга бааны көтөрбөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ошодой эле көмүрдүн баасы жөнүндө маалыматтар илинди.