“Социалдык контракттын” алкагында өз ишин баштагандардын 96%дан ашыгы аялдар – Эмгек министрлиги

“Социалдык контракттын” алкагында өз ишин баштагандардын 96%дан ашыгы аялдар. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жаңыл Алыбаева “Аялдардын ишкердиги -2023” көргөзмөсүн ачып жатып билдирди.

Анын айтымында, программанын аркасында 70 миңден ашык адам жашоосун жакшыртты, анын ичинен 43 миңи 16 жашка чейинки балдар. Программанын катышуучуларынын 96%дан ашыгы аялдар. Бул эл аралык деңгээлде таанылган аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү жакырчылыктан чыгаруунун эң жакшы инструменттеринин бири.

Мындан тышкары, Министрлик GIZ долбоору менен биргеликте кайтып келген мигранттар үчүн инструменттерди активдүү киргизүүдө. Бул долбоордун максаты кайтып келген мигранттарды, анын ичинде аялдарды иш менен камсыз кылуу программаларына тартуу, анын ичинде ишкерликтин негиздерине окутуу аркылуу жеке бизнести баштоо жана өнүктүрүү боюнча жергиликтүү демилгелерди колдоого, ошондой эле кайтып келген мигранттарды ишке орноштуруу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө консультациялык жардам көрсөтүүгө багытталган.