ЦУМдун ээси Анвар Габбазовго эл аралык издөө жарыяланганды

Бишкектеги “ЦУМ-Айчүрөк” соода борборунун ээси Анвар Габбазовго (азыр Маметов) карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 263-беренесинин 1-бөлүгүндө (уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо) каралган кылмышты жасагандыгы үчүн сыртынан айып тагылды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

А.Габбазов К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүн каржылоо, ошондой эле кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу менен алектенген.

Аталган адам улуттук коопсуздук органдары тарабынан эл аралык издөөгө алынган.

Тергөөнүн жүрүшүндө А.Габбазов өзүнүн жардамчысы Рамонов М.Т. аркылуу К.Асанбекке “Мерседес Бенц 222” брондолгон автоунаасын белекке берген, унаа А.Габбазовдун жеке каражатына сатылып алынган. 2020-жылдын октябрь айында алар аталган унааны КР экс-премьер-министри Сапар Исаков абактан чыккандан кийин өткөрүп беришкен.

Ошол эле учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында А.Габбазов жана К.Асанбек аффилиацияланган жактар менен биргеликте Ысык-Көл облусундагы Кара-Ой айылында жайгашкан, баасы 15 млн АКШ доллары болгон мурдагы “ЗИЛ” пансионатынын 42 гектар жерин мыйзамсыз ээлеп, өз адамдарына каттатып алышкандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Мындан тышкары, А.Габбазов менен К.Асанбектин ортосундагы жалпы финансылык иштер жана кызматташуу фактылары аныкталган. Тактап айтканда, А.Габбазов Бишкектин престиждүү аймактарынын биринде жайгашкан, мурда К.Асанбектин жакын тууганынын наамына катталган кымбат батирди, ошондой эле Ысык-Көл облусундагы Чолпон-Ата шаарында жайгашкан “Каганат” эс алуу борборунан коттедж сатып алган.

Учурда А.Габбазовго эл аралык издөө жарыяланып, тергөө жана ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Жогорудагы адамдын жүргөн жери тууралуу маалымат болсо, мекеме 0312 66-04-75, 0312 66-65-04 телефондору аркылуу кайрылууну суранат.