Жалал-Абадда “Чек талап кылып, байге утуп ал!” лотереясынын жеңүүчүлөрүнө сертификаттар тапшырылды

2023-жылдын 11-ноябрында Жалал-Абад шаардык мэриясы тарабынан уюштурулган “Чек талап кылып, байге утуп ал!” социалдык лотереясынын жеңүүчүлөрүнө сертификаттар тапшырылды. Бул тууралуу шаардык мэриясынын маалымат борбору билдирди.

"Бул лотереяны уюштуруудан негизги максат – жарандардын ККМ чекти талап кылууга болгон кызыгуусун арттыруу менен көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу болуп саналат",- деп белгиледи шаар мэри Эрнисбек Ормоков.

Белгилей кетсек, республикалык деңгээлде өткөрүлүп келген "Чек талап кылып, байге утуп ал!" лотереясы аймактардын арасынын алгачкылардан болуп Жалал-Абад шаарында уюштурулду. Анда 5 миң сомдон 100 миң сомго чейинки белектер ойнотулуп, 129 жеңүүчү аныкталган.

Лотереянын байге фонду үчүн жергиликтүү казынадан 1 млн сом акча каражаты бөлүнгөн.