Бүгүн Бишкектин үч конушунда ичүүчү суу өчүрүлөт

2023-жылдын 14-ноябрында Бишкектин үч конушунда ичүүчү суу өчүрүлөт. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирди.

Өчүрүү райондорунда турак үйлөрдө, мектептерде, балдардын мектепке чейинки уюмдарында, саламаттык сактоо объекттеринде жана башка социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр-жай объекттеринде ичүүчү сууну берүү саат 9:00дөн 15:00 гө чейин токтотулат.

Өчүрүү району:

- «Энесай» конушу;

- «Дордой - 1» конушу;

- «Дордой - 2» конушу.

Ичүүчү сууну өчүрүү «Энесай» суутоптомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу.

«Бишкексууканал» өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышын суранат.