Жыл башынан бери «Манас» аэропорту 4 млн ашык жүргүнчүнү тейледи

2023-жылдын 9 айында «Манас» эл аралык аэропорту» ААК 4 млн 181 миң 490 жүргүнчүнү тейледи. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Эл аралык каттамдарда 2 млн 991 миң 414 жүргүнчү, ички каттамдарда 1 млн 190 миң 076 жүргүнчү учту.

Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу бул көрсөткүч дээрлик 50%га өскөн.