Бакыт Төрөбаев: Аялдардын ишкердиги – бул коомду өзгөртө ала турган кыймыл

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев аялдардын ишкердигин өнүктүрүүгө арналган «EXPO Аялдардын ишкердиги – 2023» иш-чарасына катышты. Бул тууралуу минкаб билдирди.

Иш-чаранын жүрүшүндө минкаб төрагасынын орун басары бул сыяктуу иш-чаралар аялдар үчүн жумуш ордун көбөйтүүгө жана улуттук экономиканын кирешесинин жогорулатууга түрткү берүүчү аялдар ишкердигин өнүктүрүүгө олуттуу көмөк көрсөтөт деп белгиледи.

«Аялдардын ишкердиги – бул жөн гана экономикалык демилге эмес, бул коомду өзгөртө ала турган кыймыл. Бүгүнкү иш-чара бардык аялдар үчүн адилеттүү жана коопсуз коомго карай кадам болсун», - деди ал.

Белгилей кетсек, EXPOго КРнын бардык аймактарынан 273 адам катышты. EXPOнун расмий программасынын алкагында ишкер айымдар шыктандыруучу окуялары менен бөлүшүп, кызыктуу мастер-класстарга катышып, ал эми 12 ишкер айым инвесторлор тобуна өздөрүнүн бизнес долбоорлорун сунуштап, бизнесин өнүктүрүү жана кеңейтүү үчүн инвестиция тартуу боюнча бизнес жолугушууларга катышты.