Бишкекте көмүр саткан ишкерге айып пул салынды

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы 2023-жылдын 14-ноябрында Бишкектин Элебесов көчөсүнөн Курманалиев көчөсүнө чейин көмүрдүн баасына мониторинг жүргүзүштү.

Мекеменин маалыматына ылайык, жыйынтыгында көмүр саткан ишкерлерге 1 эскертүү жана 1 ишкерге 3 миң сом айып пул салынды.

Учурда көмүрдүн баасы белгиленген баада сатылып жатат.