Кыргызстанда 740 миң бала мектепке чейинки билим берүү мекемелерине барбайт

Кыргызстанда 740 миң бала мектепке чейинки билим берүү мекемелерине барбайт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев билдирди.

Аткаминер борбор калаанын «Касым» жаңы конушундагы «Шоола» бала бакчасын ишке киргизүү иш-чарасына катышты, анын алкагында мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу боюнча инновациялык чечимдер киргизилген.

Анын айтымында, пилоттук долбоорду ишке ашыруу бул бала бакчага баруучу балдардын санын 180 балага көбөйтүүгө мүмкүндүк берди.

«Бүгүнкү күндө КРда 1 жаштан 6 жашка чейинки 960 миң бала бар. Мунун өзү 740 миңге жакын бала бакчага барбайт дегенди билдирет. Мектепке чейинки билим берүү мекемелерине балдардын 26%ы гана тартылган. Бул долбоорду ишке ашыруу республика боюнча мектепке чейинки билим берүү менен камтууну 40%га чейин жеткирүүгө мүмкүндүк түзөт”, - деди Адылбек Касымалиев.