Юстиция министрлигинин «Тилектештик автобус» Кадамжайга барат

Юстиция министрлигинин «Тилектештик автобус» Кадамжайга барат. Бул тууралуу мекеме билдирди.

«Тилектештик автобус» кызматы Баткен облусунун Кадамжай районуна төмөнкү каттам менен жөнөйт:

• 21-ноябрда Кара-Дөбө айылына, айыл өкмөтүнүн имараты;

• 22-ноябрда Кызыл-Булак айылына, айыл өкмөтүнүн имараты;

• 23-ноябрда Каражыгач айылына, айыл өкмөтүнүн имараты;

• 24-ноябрда Майдан айылына, айыл өкмөтүнүн имараты.

Саат 10:00-16:00 чейин

«Тилектештик автобусу» сапарынын негизги максаты МКЮЖ системасынын адвокаттары, Юстиция министрлигинин кызматчылары жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү тарабынан калкка акысыз консультациялык-укуктук жардам көрсөтүү болуп саналат.

Бул акциянын алкагында жер, турак жай, жарандык, үй-бүлөлүк, кылмыш-жаза жана башка укуктук маселелер боюнча кеп кеңеш алса болот.