Сузак районунда көмүр саткан ишкерге айып пул салынды

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы 2023-жылдын 15-ноябрь күнү Сузак районунун аймагында көмүрдүн бааларына мониторинг жүргүздү.

Такталгандай, көмүр сатуучуларга көмүрдүн чекене бааларынын максималдуу деңгээли белгиленгендиги жөнүндөгү буйрук менен тааныштырып, буйруктун аткарылышы боюнча сатуучуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Сузак районундагы көмүрдүн бааларына мониторинг жүргүзүүнүн алкагында Р.Абдураимов аттуу жеке ишкер тарабынан көмүрдүн белгиленген баасынын тоннасына 700 сомго жогору сатып жаткандыгы аныкталып, Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндөгү” Кодексинин 290-беренесинин 1-бөлүгүнүн негизинде 3000 (үч миң) сом айып пул салынды.

Сатуучуларга мындан ары көмүргө болгон бааларды, белгиленген баадан жогорулатпоо жана сатылып жаткан көмүр тууралуу толук маалыматтарды жазып, көрүнүктүү жайга илинип турушу керектиги боюнча эскертүүлөр берилди.