«Тазалык» 530 жаңы контейнер сатып алды

Бишкек мэриясынын «Тазалык» муниципалдык ишканасы 530 таштанды контейнерлерин сатып алды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Ошентип, 82 контейнер шаардын төрт районуна таратылып, алардын ар бири өз түсүнө боёлот.

Тешилген, сынган же өрттөлгөн контейнерлер дагы оңдолот. Ал эми жаңы контейнерлер жараксыз болуп калгандарды алмаштырат.

Белгилей кетсек, борбор калаада таштанды үчүн 5000ден ашык контейнер бар. Алар акыркы жолу 2015-жылы жаңыртылган.