Депутаттар коомдук жайларда тамеки тартуу үчүн айып пулду көбөйтүүнү сунушташты

Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында «КРнын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө («КРнын жарандарынын ден соолугун тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө» мыйзамга жана окууда каралды. Бул тууралуу парламент билдирди.

Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин депутаттары Улугбек Ормонов, Бактыбек Сыдыков, Эльмурза Сатыбалдиев, Акылбек Түмөнбаев тарабынан демилгеленген.

Жыйында баяндама жасаган мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири депутат Эльмурза Сатыбалдиев белгилегендей, көбүнчө мыйзамдын талаптарын бузуу менен коомдук жайларда системалуу түрдө тамеки тартуунун көбөйүшү байкалат.

Буга байланыштуу мыйзам долбоору менен Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 83 (Белгиленбеген жерлерде тамеки заттарын тартуу), 84 (Калкты тамеки заттарынын зыяндуу таасиринен коргоо эрежелерин бузуу), 85 (Тамеки заттарын сатуу жана жүгүртүү тартибин бузуу) беренелериндеги жоболорду сактабагандык үчүн айыпты көбөйтүү жана 85-беренени жаӊы төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толуктоо «4. 16 жашка чыга элек балдардын тамеки буюмдарын сатуусу – жеке жактарга – 55 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, юридикалык жактарга - 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет» сунушталууда.

Жыйынтыгында мыйзам долбоорунун концепциясы колдоо тапты.